Алайдагы жол тосуу
1
Алайдагы жол тосуу - Алайдын Сопу-Коргон айылынын кире беришине боз үй тигип, генерал Исмаил Исаковдун камалышына нааразылык билдирип тургандар 14-январда түштөн кийин Ош - Эркеч-Там жолун тосушту.
2
Алайдагы жол тосуу - Жол тосулган жерде заматта автоунаалар топтоло баштады
3
Алайдагы жол тосуу - Бийлик өкүлдөрү жол тоскондорду таратууга аракет кылышты
4
Алайдагы жол тосуу - Бирок андан эч кандай майнап чыккан жок.
5
Алайдагы жол тосуу - Жол тосулган жерге милициянын атайын даярдыктагы жүзгө чукул өкүлү келди
6
Жол тосулган жерге милициянын атайын даярдыктагы жүзгө чукул өкүлү келди
7
Алайдагы жол тосуу - Милиция акыры жол тоскондорду күч менен таратууга киришти.
8
Алайдагы жол тосуу - Жолду күч менен бошотуу учурунда жапа чегип, эс-учун жоготуп койгондор да болду.
9
Алайдагы жол тосуу - Тосулган жол ошентип эки сааттай убакыттан кийин күч менен ачылды
10
Алайдагы жол тосуу - Жол ачылганы менен эл Исмаил Исаков абактан бошотулмайын тарабастыгын айтып, жол боюнда турушту.
11
Алайдагы жол тосуу - Кечке жуук бул жерге Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров келип, элди тарап кетүүгө үндөдү, бирок анданмайнап чыккан жок.
12
Алайдагы жол тосуу - Түн ичинде милиция жол боюндагы боз үйлөрдү күчтөп чечип кетишти.
13
Генерал Исмаил Исаковдун атасынан калган үй - Алайдын Сопу-Коргон айылындагы генерал Исмаил Исаковдун атасынан калган үй.
14
Нааразылыкка чыккандар өздөрүн өрттөөгө даяр экендиктерин билдиришти - Нааразылыкка чыккандар боз үйлөрү чечилип кеткен соң, 15-январда Исмаил Исаковдун атасынан калган үйдүн алдында өздөрүн өрттөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
15
Алайда ачкачылык жарыялагандар 15-январда 12 кишиге жетти