Түндүк Африкадагы арап өлкөсү Египеттин (Мысырдын) байтактысы - Каир шаарынын жамы мечиттерине 28-январда жума намазга жыйылган калайык көчөлөргө саясий талаптар менен чыкты. Ошентип, Каир көчөлөрү саясий күрөш майданы бойдон кала берүүдө.
Мысырда толкундоолор уланууда
1
28-январда Египеттин борбору Каирдин көчөлөрүндө миңдеген демонстранттар полиция менен кагылышты.
2
Каирдеги демонстранттарды полиция желим ок жана суу замбирек менен каршы алганы кабардалууда. Азырынча кагылышуудан жабыр тарткандар тууралуу тагыраак маалымат айтыла элек.
3
4
Телефонду байланыштыруучу оператор кардарларга азырынча уюкфон менен байланышууга мүмкүндүк жоктугун айтып, кийинчерээк аракет кылууга үндөп жатты.
5
6
7
Өлкөдөгү оппозициячыл саясий уюмдардын ириси – “Мусулман Агайындар” (ал-Ихван ал-муслимун фи-л-мыср) кыймылы, жума күнү эртең менен билдирүү таркатып, өз лидерлеринин ичинен жок дегенде бешөө жана мурдагы депутаттардын бешөө камакка алынганын маалымдаган.
8
9
10
11
12
13
14
27-январда өлкөдөгү белгилүү демократиячыл саясатчы, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мухаммад эл-Барадейи Вена шаарынан Каирге келип, демонстранттардын саясий талаптарына колдоо көрсөттү.