Апта ичиндеги Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы окуялардан көз ирмемдер.
Апта-маанай (9-15-апрель)
1
12-апрелде Таласта өтө турган "Кыргызстан жаңы күчтөрү" уюмунун курултайы жергиликтүү калктын тоскоолдуктарынан улам болбой калды.
2
Оппозиция Жалал-Абаддагы митингинде өлкө калкына кайрылуу кабыл алып, талаптарын аткарууга бийликке он күндүк мөөнөт берди.
3
Чоң-Алайга таандык төрт жайлоо Тажикстанга өтүп кеткени жөнүндө жергиликтүү калк маалымдады. Бирок Чоң-Алай районунун акими Азизбек Ашыралиев чек ара маселелери өкмөттүк деңгээлде чечилип жатканын айтты.
4
Жалал-Абадда террорчулукка каршы машыгуу өттү.
5
Оштун Ноокат районунда жети адам "Хизб-ут Тахрир" уюмунан чыкканын жарыялады.
6
Кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун Бишкекте казак олигархы Булат Утемуратов менен жабык жолукканы Жогорку Кеңеште кызуу талкууланды.
7
Бишкектин "Дордой" базарынын тегерегинде жайгашкан жаңы конуштардын тургундары борбордук таштанды таштоочу жайдын жолун тосушту.
8
Астрахандагы шаар башчысын шайлоо боюнча өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган ачкачылык жараяны уланууда.