Баткен шаарынын борбордук аянтында чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылган митинг өтүүдө.
Баткендеги митинг
1
Митингге чыккан жергиликтүү тургундар өлкө бийлигинен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүүнү, ордуна мурдагы гебернатор Мамат Айбалаевди алып келүүнү талап кылып жатышат.
2
Облустук бийликтин имаратын ИИМдин Оштон келген атайын даярдыктагы тобу коргоп жатканын аймактагы кабарчыбыз маалымдады.
3
Ушул тапта обладминистрацияны жүздөн ашуун милиция кызматкери курчап турат.
4
5
6
7
Митингге чыккандар өкмөт өкүлүн коргоо үчүн милициянын күчөтүлгөн тартипте иштешине, өткөн жумада чек арада болгон чатакты жайгарууга ушунча күч тартылбаганына нааразы.
8
9
10
11
7-8-май күндөрү чек арадагы кыргыз-тажик жарандары ортосунда чыккан чатакта кыргызстандык 17, тажикстандык 8 адам ооруканага түшкөн. Кыргыз айылдарындагы дүкөн жана унаалар өрттөлгөн