Камактагы депутат Келдибековдун тарапкерлери аны бошотуу талабы менен Ош - Эркеч-Там жолун 27-майдан бери бууп турат. Жол тосуу мыйзамсыз деген соттун чечими да чыккан, ал чечим боюнча 16-июнда жол ачылышы керек эле. Жол тосуу мындан сырткары Алайдан ары жайгашкан айылдардагы жашоону да оорлотуп, баалардын кымбатташына алып келди.
Алайда жол ачыла элек
1
Алай райондук прокуратурасы Келдибековдун тарапкерлери укук коргоо кызматкерлерине зомбулук көрсөткөнү үчүн бул акцияга тыюу салуу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган.
2
Райондук сот Сопу-Коргондогу жол тосуу мыйзамсыз деген чечим чыгарган. Ал чечим 16-июнь күнү күчүнө кирди. Бирок жол ачыла элек.
3
4
Ош - Эркеч-Там унаа жолунда учурда 20дай боз үй тигилген. Калктын саны бирде 100дөн ашса, бирде 200-300гө жетет.
5
Эки тарапта 100гө чукул оор жүк ташуучу унаалар камалып турат.
6
7
Жол жабыктыгынан улам Чоң-Алай районунда продуктулар кымбаттап, күйүүчү майлардын жетишсиздиги пайда болду.
8
Ал эмес пенсия, пособие жана айлык акылар үчүн акча каражаттары ал жакка жетпей жатат.
9
10
11
12
13
14
15
16
Оппозиция лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков өткөн жылдын ноябрында коррупция боюнча айыпталып кармалган. Сот аны эки айга камоо чечимин чыгарган. Ошол убакыттан бери Келдибековду абакта кармоо улам-улам узартылып, соту создугууда.