Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун 100 жылдыгына жана Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата бокс боюнча эл аралык мелдеш 28-январда Бишкекте башталды.
Бишкекте эл аралык бокс турнири өтүүдө
1
Ага кыргызстандык боксчулардан сырткары Таиланд, Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кытай, Тажикстан жана Орусиядан 170 жакын мушкер катышууда. Спортчулар 10 салмакта күч сынашууда.
2
3
Кожомкул атындагы спорт ордосунда болгон таймаштар беш күнгө созулат.
4
5
6
Турнирди өткөрүүгө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 млн. 200 миң сом бөлүнгөн.
7
8
Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган турнир 38-жолу өтүп жатат.
9
10
11
Өткөн жылдан тарта мелдеш Азиялык бокс конфедерациясынын календарына киргизилген. Финалдык беттештер 1-февраль күнү болот.
12
13
14
15
16
17
18