2016-жылдагы Азия чемпиондугуна В тайпасындагы тандоо оюндарында Кыргызстандын олимпиадалык курамасы иорданиялык атаандаштарына утулду. Оюн Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарында 18-май күнү болду. Беттеш 4:0 эсебинде аяктады.
Футбол: Кыргызстан Иорданияга 4:0 эсебинде утулду
1
Ал күнү кыргыз футболчулары “Шоро” компаниясынын жана “Шоро” футболдук клубунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы мүчөсү Табылды Эгембердиев дүйнөдөн кайтканына байланыштуу оюн талаасына аза тасмасын тагынып чыгышты.
2
3
Ошол эле күнү В тайпасында Пакистандын 23 жашка чейинки курамасын Кувейт футболчулары 2:0 эсебинде утуп алышты. Буга чейин 16-майда Кыргызстан курамасы Кувейт менен 0:0 эсебинде тең ойногон. Ал эми иорданиялыктар пакистандык атаандаштарын 5:0 эсебинде жеңип алышкан эле.
4
Ошентип эки оюндан кийин 6 упай менен Иорданиянын 23 жашка чейинки олимпиадалык курамасы В тайпасында алдыда келүүдө. Бир тең чыгуу жана бир жеңиш менен төрт упай топтогон Кувейт экинчи катарда.
5
Бир упай менен Кыргызстан үчүнчү сапта жайгашууда. 20-май күнү акыркы тандоо оюнунда Иордания менен Кувейт жана Кыргызстан менен Пакистан ойнойт.
6
7
Чемпиондукка катышуу үчүн Азия чөлкөмүнүн курамалары 10 тайпага бөлүнгөн. Тайпада биринчи орунду алган 10 команда жана эң жакшы көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы 5 командага 2016-жылы январда Катарда боло турган Азия чемпиондугунун финалдык таймашына жолдомо берилет.
8
9
10
11