Достук кичи районунда 12-октябрда абактан качып чыккан Алтынбек Итибаев милиция менен атышуудан набыт болду. Андан тышкары милициянын ыкчам отрядынын бир кызматкерине жана эки жай тургунга ок тийген.
Атайын операциядан кийин
1
22-октябрда түнкү саат 10дор чамасында Достук кичи районундагы көп кабаттуу №8 үйдө Алтынбек Итибаев атып өлтүрүлдү. Ал милицияга каршы автомат жана тапанчадан ок жаадырган. Атышуу үч саатка созулган.
2
Итибаев бекинип отурган Достук кичи районундагы №8 үйдөгү квартира милиция тарабынан камоого алынган.
3
Азыркы учурда үй курчоого алынып турат
4
Ок атышуудан үйдүн терезелери талкаланган
5
6