Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Үркүндүн 100 жана Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата орнотула турган эстеликтин долбоору боюнча сынак өтүүдө.
Үркүн: Эстелик долбоору тандалууда
1
Сынакка келип түшкөн 6 скульптуралык эмгектин арасынан бирөө тандалып алынат.
2
Скульпторлор Үркүн маалында болгон көрүнүштү эстелик менен чагылдырууга аракет кылышкан.
3
Комиссия карап чыгып, жеңүүчүнү аныктаган соң жаз алды менен куруу иштери башталат.
4
Эстелик Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлат.
5
Каражат президенттин фондунун атайын Үркүндүн 100 жылдыгына деген 3 миллион сомунун эсебинен жана кошумча облустук бюджеттен бөлүнмөкчү.
6
Учурда калыстар тобу иштеп жатат.
7
Конкурска келген иштердин бири