Азия кубогуна тандоо: нөшөрлөгөн жаанда өткөн соңку беттеш
1
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда жолдомо алганы 14-июнда түшкө маал белгилүү болгон. Ага карабай, Кыргызстандын Тажикстан менен болгон беттешин көрүү үчүн стадионго 17 миңден көп киши барды.
2
3
Чабуулчу Мирлан Мурзаев машыгуу учурунда алган жараатынан улам тандоо оюндарынын соңку беттешинде гана оюн талаасына чыкты.
4
5
6
Нөшөрлөгөн жаандагы кызуу беттеш учуру.
7
Тандоо оюндарынын соңку беттеши 0-0 эсеби менен аяктады.
8
Кыргызстан экинчи жолу Азия кубогуна жолдомо алса, Тажикстан алгачкы жолу мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду.
9
10
11
Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).
12
13
Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу-Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.