Көлмөлөрү көп, жолу баткак Мурас-Ордо
1
Мурас-Ордо жаңы конушу 2005-жылы негизделген. Конуш тургундары узак жылдар бою жол, мектеп, жарык, транспорт көйгөйүнөн кыйналып келишкен.
2
Мурас-Ордо жаңы конушунун аянты 145 гектарга жакын.
3
Мурас-Ордо конушунда 20дан ашуун көлмө бар. Бул жаңы конуштун кире беришиндеги көлмө. Азыр үстүн муз каптап турат.
4
Мурас-Ордо конушуна газ киргизилген эмес. Мындан улам жергиликтүү тургундар көмүр, отун жагып үйлөрүн жылытышат.
5
Бул жаңы конушта 6 миңден ашык киши жашайт.
6
Көлмөнүн жанынан өтүп бара жаткан балдар. 2-мартта көлмөнүн үстүнөн муз тээп жаткан 9 жана 11 жаштагы эки бир тууган чарчап калды. Тургундар бул көлмөлөрдүн тегерегин тосууну талап кылууда.
7
2023-жылы Мурас-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылган. Андан учурда 2 миңге жакын бала билим алууда. Эми мектептин жанына бала бакча курулууда. Ага чейин балдар кошуна Озерное айылына барып же шаар ичине каттап окушкан.
8
Мурас-Ордо конушундагы көчөлөрдүн бири.
9
Мурас-Ордо конушуна 2012-жылы гана ФАП курулган. Бирок азыр деле бул жерде көп профилдүү дарыгерлер жок.
10
Кермеде жайылган кийимдер.
11
Мурас-Ордо конушуна Ош базарынан 41-автобус каттайт.
12
Балдар аянтчасы.
13
14
Мурас-Ордо конушундагы дүкөндөрдүн биринде сатылган бут кийимдер. Мындай бут кийимдер бул конуштун жолдоруна ыңгайлуу.
15
Мурас-Ордо конушу өкмөт мугалимдерге, дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине жер бөлүп бергенде пайда болгон. Кийинчерээк конушка республиканын бардык аймагынан келип отурукташа баштаган. Тажикстандан келген кайрылмандар да жашайт.