Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШ Орусиянын ири мунай компанияларына санкция салды


АКШ Дональд Трамптын администрациясы бийликке келгенден бери алгач жолу Орусияга карата санкцияларды күчөттү. Бул тууралуу 22-октябрь кечинде жарыяланды. Вашингтондун "кара тизмесинде" Орусиянын ири мунай компаниялары “Роснефть” жана “Лукойл” илинди. Санкциялар бул компанияларга караштуу 50дөн ашык туунду ишканаларга да тийиштүү.

Кошмо Штаттардын финансы министри Скотт Бессент "адамдарды өлтүрүүнү жана ок атышууну тезинен токтотууга мезгил жетти", - деди.

"Президент Путин бул кызыл кыргынды токтотуудан баш тартып жатканынан улам Финансы министрлиги Кремлдин согуштук машинесин каржылаган Орусиянын эки ири мунай компаниясына санкция салат", - деп билдирди.

АКШ бийлиги санкцияларды күчөтөрү тууралуу мындай чечим кабыл алынардан бир нече саат мурун гана белгилүү болгон.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Вашигтон көп убакыт Орусиядан тынчтык орнотуу боюнча иш жүзүндөгү кадамдарды күткөнүн, эми Москвага санкцияларды күчөтүү мезгили келгенин билдирди.

Өткөн аптада Трамп Путин менен телефондон сүйлөшкөн соң эки лидер Будапештте жолугушарын билдирген. Бирок жолугушуу жакын арада болбой турганын, Трамптын андай планы жок экенин Ак үйдөн кабарлашты.

22-октябрда Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Орусияга карата санкциялардын 19-пакетин макулдашкан. Бул чечим 23-октябрда толук кабыл алынышы мүмкүн.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жаңы санкциялар орус мунайы үчүн баалардын чегин бир баррель үчүн 60 доллардан 46,7 долларга чейин төмөндөтүү, “Мир” төлөм системасына каршы чектөөлөрдү күчөтүү, “Газпром”, “Роснефть” деген компаниялардын транзакцияларына тыюу салуу жана башка чектөөлөр бар экенин билдирген.

Орусия Батыштын бул санкцияларын мыйзамсыз деп атайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG