Алаканы ырааттуураак өнүктүрүүгө карай жаңы ниет
АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери менен жолугушууда Вашингтондун бул аймактагы таасирин бекемдөөгө багытталган соода-сатык, дипломатия жана минералдык заттар жаатындагы бир катар макулдашуулар тууралуу айтты.
Ак үйдө өткөн жолугушууга америкалык тараптан президент Трамп менен кошо мамлекеттик катчы Марко Рубио, вице-президент Жей Ди Вэнс катышты. Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев жолугушууда ортодогу алаканын жаңы доорун кубаттаган пикирин билдиришти.
АКШ жетекчилиги менен саммит алдында Казакстан дүйнөдөгү пайдаланыла элек жаткан эң ири вольфрам кендеринин бирин иштетүү багытында Кошмо Штаттар менен биргелешкен жаңы өнөктөштүк алкагында ири келишим түзүлүп жатканын жарыялады.
Бул келишим алкагында америкалык Cove Kaz Capital Group компаниясы Казакстандын мамлекеттик кен казуу компаниясы менен бирге түзүлө турган ишкананын акцияларынын 70 процентин алат. Бул келишимдин наркы 1,1 миллиард доллар деп эсептелүүдө. АКШнын Экспорт-импорт банкы 900 миллион доллар өлчөмүндө каржылоо ниетин билдирди.
Саммиттин жыйынтыктарынын дагы бири – Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик авиакомпанияларына Boeing учактарынан 37ни сатуу планы, бирок ал азырынча толук иштелип бүтө элек.
Трамптын араб өлкөлөрүнүн жана мусулман дүйнөсүнүн Израил менен байланышын жөндөө демилгеси - Авраам келишимине Казакстан кошулганы да белгилүү болду. Truth Social платформасына АКШ президенти Астананын аталган келишимге кирүүсү "жалпы дүйнөдө көпүрө тургузууга маанилүү кадам" болгонун жазды.
АКШнын расмий өкүлдөрү саммит Вашингтондун Борбор Азия менен кызматташтыгын ырааттуураак өнүктүрүүгө карай жаңы ниетин көрсөтүүгө багытталганын белгилешти.
"Биз кризистерге жана проблемаларга ушунчалык көп убакыт корото берип (аларга көңүл буруу да зарыл) кээде жаңы кызыктуу мүмкүнчүлүктөргө жетиштүү убакыт бөлбөй жатабыз. Азыркы көрүп турганыбыз - биздин өлкөлөрүбүздүн улуттук кызыкчылыктары дал келген жаңы олуттуу мүмкүнчүлүк", - деди мамлекеттик катчы Рубио.
Садыр Жапаров: C5+1 саясий диалогду өнүктүрүүчү маанилүү аянтча
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Борбор Азия - АКШ" (С5+1) саммитинин башталышынын алдында басма сөз үчүн билдирүү жасап, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарын өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору баалай турганын белгиледи.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал кыргыз-америка мамилелерине байланыштуу төрт багытты белгиледи. Биринчиси - экономика, инвестициялар жана туризм. Экинчиси - гидроэнергетика, үчүнчүсү - санарип экономика, жасалма интеллект, IT чөйрөсү жана төртүнчү багыт - коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо.
Жапаров Трамптын глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңжалдарды токтотууга кошкон олуттуу салымын жогору баалай турганын белгилеп, өзү да президенттик кызматка киришкенде коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин ынак коңшулук нугунда чечүү болгонун, кесиптештери менен бирге бул милдетти тынч ишке ашыра алганын айтты.
“Жыйынтыгында Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу эбегейсиз өсүп, биз менен кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатат”, - деген Жапаров C5+1 форматы саясий диалогду өнүктүрүүгө максатталган маанилүү аянтчага айланганын өзгөчө белгиледи. Биргелешкен аракеттер конкреттүү жыйынтык, өз ара пайда алып келерине ишеним билдирди.
Дональд Трамп Чыгыш менен Батышты бириктирген Борбор Азия чөлкөмүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, экономикалык коопсуздукту чыңдоону жана жеткирүү чынжырын кеңейтүүнү алаканын негизги пункттарынын бири катары белгиледи.
Жапаров Вашингтондо АКШга иш сапары алкагында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен өзүнчө да сүйлөшүү өткөрдү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы 7-ноябрда билдиргендей, жолугушууда кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү, анын ичинде саясий чөйрөдө, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатында бекемдөө жолдору талкууланды.
АКШнын президенти жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог эки өлкө элинин туруктуу өнүгүүсүн, коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган өз ара аракеттенүүнү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Аймактагы кызыкчылыктар
Белгилүү болгондой, Борбор Азия чөлкөмүндө литий, бериллий, уран, вольфрам, молибден сыяктуу сейрек кездешүүчү жана стратегиялык маанидеги минералдарга жана платина тобундагы сейрек металлдардын ири кору бар.
Геологдордун баамында, бул аймакта жер алдындагы сейрек кездешүүчү элементтердин кеминде 15% топтолгон. Кыргызстанда 200дөн ашуун стратегиялык чийки заттын кени, ал эми Казакстанда болжол менен 160, Өзбекстан менен Тажикстанда ондогон кен бар, алардын көпчүлүгү али толук изилдене электиги белгилүү.
2015-жылы Вашингтон чөлкөмдүн өлкөлөрү менен алака-катышын жандандыруу максатында C5+1 форматында жолугушуу сунуштаган. Формат алгачкы бир нече жылда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде ишке ашып келген. Ал эми 2023-жылы биринчи жолу АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия лидерлери менен бетме-бет жолуккан. Ал жолугушуу Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын алкагында өткөн. Бул жолугушуу тарыхый деп сыпатталган.
Ал эми быйыл жыл башында Дональд Трамптын Ак үйгө кайтып келиши Борбор Азия үчүн бурулуш учур болушу мүмкүн экенин айрым эксперттер белгилешкен.
“[Трамп] биринчи мөөнөтүнүн башында Казакстан менен Өзбекстандын президенттерин кабыл алган эле. Ал АКШнын Борбор Азия боюнча кеңири масштабдагы улуттук коопсуздук стратегиясын – бул чөлкөм менен кызматташуунун жети жылдык комплекстүү багыты боюнча демилге көтөргөн. Борбор Азия азыр “бизнес үчүн ачык”. «Орто коридор» бул аймакты Батыштын соода жолдоруна бириктирген байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берди” ,- дейт саясий серепчи Эрик Руденшольд.
Айткандай эле, жакында БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өткөн жолугушууларда Казакстан Кошмо Штаттардан 4 миллиард доллардан ашуун акчага темир жол локомотивдерин сатып алуу тууралуу келишимге кол койду. Ал эми Өзбекстан 8 миллиард долларга 22 "Боинг" учагын сатып алмай болду. Алыска уча турган бул лайнерлерди Өзбекстанга 2031-жылы ала баштайт.
Борбор Азия: Мүмкүнчүлүк жана атаандаштык
Саясат таануучу Эмилбек Жороевдин баамында Ак үйдүн азыркы администрациясы буга чейинкилерден айырмаланып, улуттук кызыкчылыкка көбүрөөк басым жасап, мурдагы демократиялык, адам укугу деген баалуулуктарга караганда өзү үчүн стратегиялык мааниси бар экономикалык, энергетикалык тармактардагы кызматташтыкка ыктап турат:
“Американы кызыктырып жатканы стратегиялык мааниге ээ болгон, сейрек кездешкен минералдардын үстүнө чогуу иштешип, инвестиция тартуу жана АКШ менен чогуу маанилүү долбоорлорго баруу. Жалпысынан саммитте биздин өлкөлөр үчүн да кызык болгон, жандуу маселелер талкууланат деп ойлойм”.
Кыргызстандын “Керемет банкын” АКШ "кара тизмеге" киргизип, аны эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана санкцияга илинген “Промсвязьбанк” менен иштешкен деп маалымат тараткан.
АКШдан тышкары Британия жана Евробиримдик Кыргызстанда катталган “Капитал банкка”, “Толубайга”, Европа сактык банкына жана бир катар криптовалюта тармагында иш алып барган тараптарга санкция салган. Батыштын мындай чечимине президент Жапаров нааразылыгын билдирип, расмий Бишкек санкциянын талаптарын аткарып жатканын, экономика саясатташпашы керек деп кайрылуу жолдогон.
Эки тараптуу кызматташтыктагы дагы бир маанилүү тармак – миграция маселеси. Вашингтон соңку учурда мыйзамсыз миграцияга каршы чараларды күчөтүп, рейд жүргүзүүдө. Мындан тышкары Кыргызстандын жарандарына бериле турган визанын мөөнөтү кыскарды жана кошумча талаптар кирди. Буга АКШда жүрүү эрежесин сактабаган кыргыз жарандарынын маселелери, мыйзам бузган фактылары расмий жүйө катары айтылууда.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев кыргыз бийлиги саммиттин алкагында виза маселесине көңүл бурушу зарыл экенин белгилеген.
“Виза менен миграциялык чектөөлөр боюнча маселе оң жагына чечилсе, биздин жарандарыбыз көбүрөөк барып, катташа алышмак. Айрыкча билим алам деген студенттер үчүн ыңгайлуу шарт болмок. Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлерди, сот тармагындагы адистерди АКШдан тажрыйба арттыруу боюнча иштер жүрсө пайдалуу болот. Көз каранды эме сот деген кандай болорун өз көзү менен көрүп, үйрөнүп келишсе маанидүү кадам болмок. Анткени бизде ар бийлик келген сайын көз карандысыз сот системасын түзөм деп убада берет, бирок ал толук ишке ашпай келатат".
Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен чогуу кызматташуунун форматын аныктаган жолугушуулар соңку 2-3 жылда жанданды. Буга чейин ушундай шарттагы саммиттер Кытай, Орусия, Германия, Жапония, Евробиримдик менен да өткөн.
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков геосаясий кырдаал дүйнөдөгү ири державаларды Борбор Азия менен кызматташууга түртүп жатканын, аймактагы өлкөлөр муну мүмкүнчүлүк катары карап, өз кызыкчылыгына пайдаланып калышы керек деген пикирде.
“20-кылымда Балкан жарым аралы, 21-кылымда Фергана, тагыраагы, биздин аймак кызыгуунун борбору болуп жатат. Кытай, Евробиримдик, Орусия, АКШ дагы кызматташууга көз артууда. Биз мындай учурда инвестицияларды тартып келгенге, жумуш орундарын түзгөнгө, Борбор Азияны ренессанс дооруна киргизүүгө чоң мүмкүнчүлүк ачылып жатат. Бирок бул үчүн баары бир демократиялык жана мамлекеттик институттарды түзүү маанилүү. Мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу зарыл. Азыркыдай мыйзам иштебеген, өзүм билемдик болуп, күч органдардын "кызыл китептерди" тааныбай, мүлктү тартып алып жатканы бул процесске тоскоол болот”.
АКШ - Борбор Азия алакасы
Кошмо Штаттардын Борбор Азияга кызыгуусу такай эле бир кылка болгон эмес. Бир кезде Вашингтон чөлкөмгө жакындан көңүл бурса, кээде көңүл сыртында калган. Советтер Союзу урагандан кийин АКШ жаңыдан эегемендикке ээ болгон беш өлкөгө коопсуздук жана демократиялык реформалар жагынан көмөк көрсөтө баштаган.
2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийин Американын аймактагы ролу кескин күчөдү. Кыргызстан менен Өзбекстанда америкалык аскердик базалар ачылды. Ал эми 2009-жылы Бишкек менен Вашингтон "Манас" аба майданында транзиттик борбор түзүү тууралуу беш жылдык келишим түзгөн.
2014-жылы Америка аскерлеринин басымдуу бөлүгүн Ооганстандан чыгарып кеткен соң анын аймактагы активдүүлүгү да азайды. Ошол эле жылы Манастагы аскердик база да жабылган. Ал кездеги кыргыз бийлиги Вашингтон менен келишимди узартуудан баш тарткан.
Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.
АКШ дипломаттары кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишим даяр экенин жана ага тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатышканын белгилешкен.
Шерине