Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Жапаров Трамп менен Кыргызстан-АКШ кызматташтыгын талкуулады


Дональд Трамп жана Садыр Жапаров. 2025-жылдын 7-ноябры.
Дональд Трамп жана Садыр Жапаров. 2025-жылдын 7-ноябры.

Президент Садыр Жапаров Вашингтондо АКШга иш сапары алкагында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү өткөрдү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы 7-ноябрда билдиргендей, жолугушууда кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү, анын ичинде саясий чөйрөдө, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатында бекемдөө жолдору талкууланды.

"Кыргызстан башка мамлекеттерден айырмаланып мунай жана газ запастарына ээ эмес экенин айткан мамлекет башчы өлкөнүн башкы байлыгы билимдүү жаштар экенин баса белгиледи. Алардын көбү IT чөйрөсүн активдүү өздөштүрүп жатышат. Садыр Жапаров ошондой эле каржы технологиялары жаатындагы кызматташтыкка көңүл буруп, АКШнын президенти Дональд Трамп кабыл алган, дүйнөдөгү эң алдыңкы жана прогрессивдүү мыйзамдардын бири болуп эсептелген стейблкоиндерди жөнгө салуучу Genius Act мыйзамын белгиледи", - деп билдирди кыргыз президентинин басма сөз кызматы.

Жолугушууда Жапаров Кыргызстанда санарип каржы инструменттерин киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде улуттук стейблкоин KGST ишке киргизүү жана мамлекеттик крипторезервди түзүү боюнча иштер тууралуу айтып бергени, өз кезегинде Дональд Трамп Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, эки жактуу мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгилегени маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, АКШнын президенти ошондой эле жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог эки өлкө элинин туруктуу өнүгүүсүн, коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган өз ара аракеттенүүнү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG