Айт намазы Бишкектин Эски аянтында окулду. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилиги да катышты.
Эски аянттагы айт намаз
Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.
1
Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген. Ошондон бери алгачкы жолу быйыл Орозо айт жана Курман айт намаздары Бишкектин Эски аянтында окулду.
2
Курман айт намазын окуу үчүн 35 миңдей адам чогулду.
3
Курман айт ислам дининдеги маанилүү күндөрдүн бири.
4
5
Президент Садыр Жапаров аянтта эл менен чогуу майрамдык намаз окуду. Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев коштоп келди.
6
7
Бишкекте айт намаз таңкы саат 07:30да окула баштады.
8
9
Курман айтка намазына байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөр убактылуу жабылды.
10
Муфтий Замир Ракиев.