Футбол: Кыргызстан менен Орусиянын алгачкы оюну
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусиянын оюнчулары менен алгачкы жолу беттешти. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон жолдоштук оюнда "ак шумкарлар" орусиялык командага 1:2 эсебинде жеңилди.
1
2
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы оюн талаасына чыгып бара жаткан кези.
3
4
Орусиянын курама командасы оюн алдында.
5
Кыргызстандын улуттук курама командасы.
6
Беттештеги алгачкы голду 25-мүнөттө Кыргызстандын чабуулчусу Алимардон Шүкүров киргизди.
7
Алимардон Шүкүров менен Фархат Мусабеков голду майрамдап жатат.
8
30-мүнөттө орусиялык чабуулчу Александр Соболев айып тобун дарбазага таамай тээп, эсепти теңеди. Беттештин бүтөрүнө аз калганда, 88-мүнөттө орусиялык жарым коргоочу Данил Уткин кыргыз курамасынын дарбазасына гол киргизип, эсепти 2:1 кылды.
9
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы аталган оюнду 2023-жылы боло турган Азия кубогуна даярдыктын алкагында өткөрдү.
10
Кыргызстан 2023-жылдагы Азия кубогуна быйыл июнь айында жолдомо алган.
11
Бишкектеги жолдоштук беттеш Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасы үчүн акыркы 10 айдан берки алгачкы оюн. 2021-жылы ноябрь айында Орусия 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында Хорватияга жеңилгенден бери (0:1) беттеш өткөрө элек болчу.
12
Эми Орусия курама командасы Иран, Босния жана Герцеговина командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөрү күтүлүп жатат. Аталган команда 2024-жылы боло турган Европа чемпионатынын тандоо оюндарына катышпай турган болду.