Быйыл Кыргызстанда жаңы жылдын алгачкы түнү ага чейинки жылдардан айырмаланып республиканын бардык аймактарында кар жаады. "Кыргызгидромет" борбору 3-5-январь күндөрү аба ырайы туруксуз болорун, айрым жерлерде кар көчкү жүрүшү мүмкүн экенин билдирген. "Азаттык" кар жамынган Бишкектен тартып, Кыргызстандын аймактарынын сүрөттөрдү чогултту.
Кыргызстан калың кардын кучагында
1
Ала-Тоо аянты. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 600дөн ашуун кызматкери ондогон техника менен 4-январдын түнүнөн баштап иштеп жатканын мекемеден билдиришти. Бишкек.
2
Бишкекте 4-январда түнү калың кар жаады.
3
Бишкек шаардык мэриясы кар калың жаап жатканына байланыштуу жолдорду, эл баскан тратуарларды тазалоо, туз себүү иши жүрүп жатканын билдирди.
4
Ушул тапта Бишкекте абанын температурасы 1 градус болуп турат. Мындай аба-ырайы 14-январга чейин күтүлүүдө.
5
Кар жамынган балаты.
6
7
“Кыргыз автожол” ишканасы айдоочуларга кышкы дөңгөлөк салууну, чынжыр тагууну жана тыгын жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпоону эскертет.
8
9
10
Кар алдында калган оюнчуктар.
11
Калың кар балдарды кубантты.
12
Калың жааган кар автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине түйшүк жаратты.
13
Түнкүсүн Бишкекте -1 градус суук болушу күтүлүүдө.
14
15
Кар киши.
16
Жумгалда кар түшкөнү менен күн ачык.
17
Учурда Нарында абанын температурасы -5 градус.
18
Милянфан айылы. Чүй облусу, Ысык-Ата району.
19
Баткенде жолдорду туман каптаган.
20
Төө-Ашуу. Калың жааган кардан улам Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди.