6-апрелдеги саамалыкка элүүдөн ашуун адам чогулду.
Дин өкүлдөрү көчөт отургузушту
Кыргызстандагы түрдүү дин өкүлдөрү Бишкектеги Тоголок Молдо эс алуу паркына 100 даана көчөт тигишти.
1
Христиан жана мусулман диндеринин өкүлдөрү.
2
Саамалыкка келген аксакал.
3
Муфтий Максатбек Токтомушев.
4
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев, Кыргызстандагы орус православ чиркөөсүнүн эпискобу Даниил жана башка диний уюмдардын лидерлери жана өкүлдөрү эс алуу багынын түрдүү аймагына жаңы көчөттөрдү отургузушту.
5
Дарактарды Бишкек мэриясынын "Жашылдандыруу" чарбасы берди.
6
Көчөт отургузуу иш-чарасын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия конфессия аралык мамилени жакшыртуу, диний уюмдардын ымаласын бекемдөө максатында уюштурду.
7
Көчөт тигүү саамалыгын уюштурууга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси (ЕККУ), Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) көмөк көрсөттү.
8
Кыргызстанды ислам, христиан, буддизм жана башка бир катар дин өкүлдөрү байырлашат.
9
Көчөт отургузууга келген айымдар
10
11
12
13
Мусулман коомчулугунун өкүлдөрү.
14
15
Көчөт тигүүгө келген аялдар.
16