Орусиядан Кореяга оогон кыргыздар
Ушул тапта Түштүк Кореяда Кыргызстандын 7 миңден ашуун жараны жашап-иштейт. Алардын катарында эмгек келишими менен баргандар, орус паспорту менен мыйзамсыз иштегендер, студенттер же этностук корейлер бар. Кыргызстандан бул өлкөгө мыйзамдуу жол менен барам деген жарандар адеп визага документ тапшырып, алдын ала иш берүүчү менен келишим түзүшү керек. Миңдеген чакырым алыска ийгилик издеп келгендер үйүн сагынып, куса болсо да кара жанын карч уруп жүрүшөт. “Азаттык” мындан ары чет жердеги мигранттардын турмушуна "Борборазиялык мигрант" медиа долбоорунун алкагында кенен кайрылып турат.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 03, 2025«Кара-Суу» - Фергана өрөөнүндөгү ири базар
-
Октябрь 20, 2025Бишкектеги тыгын: Жол көйгөйүн поезд чечеби?
-
Сентябрь 24, 2025Аскада ажал тапкан альпинисттер
-
Сентябрь 01, 2025Жаңы-Тилек: Сел коркунучунда уланган турмуш
-
Август 25, 2025Кыргыз-өзбек-кытай темир жолун куруу Ак-Талаада башталды
-
Июль 09, 2025Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"