Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы алгачкы ирет Азия кубогунда

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы (U-23)

2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык жаштар курама командасы (U-23, же 23 жашка чейинкилер) бүгүн 9-сентябрда Шри-Ланка командасына каршы ойноп, 6:0 эсебинде утуп алды.

Голдорду Марлен Мурзахматов (2), Кими Мерк, Христиан Браузман, Эрбол Абдужапаров жана Саид Дациев киргизишти.

Кыргыз курама командасынын күйөрмандары

Буга чейин жаштар курама командасы «Е» тайпасында палестиналык атаандаштарын 1:2 эсебинде жеңген, ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, ал 2:2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган.

Кыргызстандын 23 жашка чейинкилер арасындагы курама командасы E тайпасында 7 упай менен биринчи орунду ээледи жана Азия кубогунун финалдык этабына жолдомо алды. Азия кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 7-25-январь күндөрү Сауд Арабиясында өтөт.

Дагы караңыз

ТИМ кыргызстандыктарды Непалдагы нааразылыктардан улам коопсуздук чараларын сактоого чакырдыПольша орусиялык дрондорду жок кылуу үчүн абадан коргонуу күчтөрүн колдондуЖогорку Кеңеште Үсөн Сыдыковго Кыргыз эл баатыры наамын берүү сунушталды Израил Дохада ХАМАСтын жетекчилигине сокку урганын билдирди