Күрөш: Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатынан төрт медал алды

72 кг салмак ченинде жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон Нурзат Нуртаева.

Сербиянын Нови-Сад шаарында 20-27-октябрь күндөрү өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы (U23) дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар төрт медал алышты.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 72 кг салмак ченинде Нурзат Нуртаева дүйнө чемпиону болсо, Гүлнура Таштанбекова 68 кг салмакта коло байгеге ээ болду.

Эркин күрөштөн 61 кг салмакта кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу күмүш, 65 кг салмак ченинде Билол Шарип уулу коло медал тагынды. Ал эми грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын курама командасы бир да медал ала алган жок. (BTo)


Дагы караңыз

БШК үгүт эрежелерин бузду деген негизде алты адамга айып салдыУкраина: Сумынын жарымы электр жарыгысыз калдыЖоомарт Карабаев сотто суракка алынып, күнөөсүз экенин айттыАзия турнесинин алкагында Трамп Токиого барды92 жаштагы Поль Бийя Камерундун президенти болуп кайрадан шайландыПутин "Буревестник" канаттуу ракетасы кезектеги сыноодон өткөнүн айттыВашингтондо “АКШ-Борбор Азия” саммити өтөт