Быйыл тогуз айда үч миңден ашык адам мамлекеттик ипотекадан батир алды

Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жети турак жайы. Бишкек

Кыргызстанда 2025-жылдын 9 айында Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кезекте турган жана үлүштүк курулуш механизми менен акчанын 50% берген 3 621 адам батир алды.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман резинденс 4” турак жай комплексиндеги батирлерди элге тапшыруу иш-чарасында айтты.

Ал ушул күнгө чейин 13 миңден ашык үй-бүлө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлүү болгонун, дагы 69 миңден ашык адам мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн кезек күтүп жатышканын кошумчалады. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2015-жылы 10 млн сом болсо, быйыл ал 87,5 млрд сомго чейин көбөйгөнүн билдирди.

“Асман резиденс 4” турак жай комплексинде 9 кабаттуу 12 үй курулуп, жалпы 945 батирди камтыйт. Андан Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган 153 киши батир алды. (BTo)

Дагы караңыз

Сот Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиасын экстремисттик деп таптыКүрөш: Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатынан төрт медал алдыБШК үгүт эрежелерин бузду деген негизде алты адамга айып салдыУкраина: Сумынын жарымы электр жарыгысыз калдыЖоомарт Карабаев сотто суракка алынып, күнөөсүз экенин айттыАзия турнесинин алкагында Трамп Токиого барды92 жаштагы Поль Бийя Камерундун президенти болуп кайрадан шайланды