Кумтөр: Центерра өкмөткө талап кое баштадыбы?
Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон жок. Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенинде иш токтоп калуу коркунучун алдын алуу үчүн бул кадамга барып жатканын билдирүүдө. Парламент болсо кыргыз өкмөтүн «Центерра Голддун» кызыкчылыгын коргоп жатат деп сындап, бул өзгөртүүлөр кендеги мөңгүлөрдүн талкаланышына жол ачат деп кооптонууда. “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында Кумтөр алтын кениндеги соңку жагдай жана жарым жыл мурда жетишилген келишимдердин чоо-жайы туурасында сөз болду. Талкууга “Кыргызалтын”акционердик коомунун жетекчиси Токон Мамытов жана Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт