Эски альбомдогу сүрөттөр саргайып же бурчу айрылып калса да Сонунбү апага кымбат. Бул сүрөттөр апанын Фрунзеде мектепте, анан техникумда окуган кезин жана Сокулуктун Жыламыш айылынын келиндеринин 1950-жылдардагы элесин көз алдыбызга тартат.
Сонунбү апа - сүрөттө калган жаш курак
1
Фрунзедеги №5 орто мектептин 8-классынын окуучулары, 1956
2
Жыламыштык бозойлор Фрунзеде, 1956
3
Ысык-Ата курортунда. Июль, 1957
4
Чылым түтөтүп сүрөткө түшүү мода кез.
5
Гидромелиоративдик техникумдун студенттери жатаканада. Бишкек (ал кезде Фрунзе), 1957-ж.
6
Унутпа мени!
7
Аскерден жиберилген эстелик сүрөт, 1956
8
Селкилер сабакка даярданышууда, 1957
9
Аспек кызы Сонунбү Кыргыз ССРинин Ардак тактасы алдында. Бишкек (ал кезде Фрунзе), 1958
10
Курбулар. Фрунзе шаары. 1-май, 1958
11
Аспек кызы Сонунбү, 1958
12
Сонунбү менен Сатке. 1960-жылдардын башы.
13
Жыламыштык келиндер. 1950-жылдар.
14
Кызылчачы келиндер. Сокулук району, 1950-жылдардын ортосу.
15
Ак жоолук жана элечек апалар. 1950-жылдар.
16
Сонунбү апа күйөөсү Сатке менен. 2006-жыл.
17
Сонунбү апа. Жыламыш айылы. Июнь 2015-ж.