Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:43

УКМК "Кызмат" мекемесинин кызматкерин коррупцияга шек санап кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кызмат" мекемесинин Калкты тейлөө борборунун кызматкери жана эки ортомчу мыйзамсыз акча чогултуу схемасын түзүүгө шектелүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө Бишкектин Биринчи май райондук калкты тейлөө борборунун кызматкери Ж.Э.Ж. ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп, мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден мыйзамсыз акча чогултуу системасын уюштурган.

"Белгиленген схемага ылайык, ортомчулар кардарларды таап, аларга документ иштерин тездетүүгө жардам сунуштаган жана кезек күтпөстөн кызматтарды мүмкүн болушунча тезирээк алууга кепилдик беришкен. Көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө жараша 100 доллардан 10 000 долларга чейинки акчалай сыйлык талап кылышкан, андан кийин ал акча мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Натыйжада шектүүлөр кармалып, убактылуу тергөө абагына камалды. УКМК учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да тактоо аракеттери жүрүп жатканын кабарлады.

Былтыр октябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров каттоо жана документтештирүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн “Кызмат” мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, жаңы ишкана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлүп, президенттин Иш башкармалыгынын карамагында турат.

Быйыл августта өкмөттүн токтому менен “Инфокомдун” ыйгарым укуктары “Кызмат” мекемесине өткөрүлүп берилген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG