Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:04

"Менчик автомектептер мамлекетке өтөт, окуу 14 ай болот". Талаштуу реформа сунушу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин иш башкармалыгы айдоочулук күбөлүк үчүн 14 ай окутуу талабын коюуда. Үч айлык окуу токтой турганы айтылды. Негизги максат - курч көйгөйгө айланган жол кырсыктарын азайтуу экени белгиленди. Менчик авто мектептерди жоюп, окуу мөөнөтүн 14 ай кылып узартып коюу менен маселе чечилеби?

"Бир жыл өтө эле көп..."

Бишкек шаарынын тургуну Гүлнур августтан бери менчик авто мектепте окуп, машине айдоону үйрөнүп жатат. Ал окуунун мөөнөтү узарса өтө эле ыңгайсыз болуп калат деп ойлойт.

Гүлнур Элчибаева
Гүлнур Элчибаева

"14 ай бул бир жылдан көп да. Бир жылда канча нерселер болот. Балким сиз чет өлкөгө кеткенге даярданасыз же башка окууга тапшырасыз. Бир жылдын ичинде көп нерсе өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бир жыл, менин оюмча, өтө эле көп", - дейт Гүлнур Элчибаева.

Менчик авто мектептердин биринде инструктор болуп иштеген Таалайбек Кадыралиев жол коопсуздугун камсыздап, айдоочулардын жоопкерчилигин арттыруу үчүн өкмөт окуунун мөөнөтүн узарткандын ордуна экзамендин тартибин эле татаалдаштырып койсо жетиштүү болмок деп эсептейт:

Таалайбек Кадыралиев
Таалайбек Кадыралиев

"Экзамен алып жаткан маршруту аябай эле кыска да. Аз эле убакыттын ичинде өттү, өтпөдү деп коет. Ошону көбөйтүш керек, шаарга чыгарыш керек. Бир курсантка экзаменде жок дегенде 20 мүнөт айдатышы керек. Азыр бир курсант ашып баратса 7-8-10 мүнөт айдайт. Ал унаа токтотуу, "змейка" кылат, болду. Сыртка чыгып айланып, унааны токтотуп, болду ошону менен өтүп кетет. Шаарга чыкпайт, унаалардын чоң агымына кошулбайт. Курсанттар шаар ичине чыгууга даяр эмес".

Айрым жеке менчик авто мектептердин жетекчилери соңку демилге бул жаатта эмгектенген ишкерлерге катуу сокку болорун билдирүүдө. Алар мындай шартта жүздөгөн киши жумушсуз каларын эскертишет. Мындан тышкары алар окуу мөөнөтүн узартуунун логикасын түшүнө албай турушат.

"Бул жерде, мисал үчүн, категориялар бар. Б, БС деген. Б категорияны алсак, бул 90 сааттык эле, ашып кетсе жалпысынан 180 саат. Эми ошону 1 жылга кантип чоет? Бул, биринчиден, чыгымды көбөйтөт. Чыгым деген бул элдин эле контракт төлөөсү. Убактысы узарган сайын төлөмү дагы узарат. Контракттары көбөйөт. Практика жүзүндө унааны айдоого төлөнүүчү акча көбөйөт", - дейт атын атагысы келбеген жеке менчик авто мектептин жетекчиси.

"Унаа" мамлекеттик мекемеси айдоочуларды окутуу системасын жаңылоо менен окуунун сапатын көтөрүп, коопсуздукту күчөтүү аракети көрүлүп жатканын билдирүүдө. Жаңы жылдан тартып программа этап-этабы менен ишке ашырыла баштайт. Ушул тапта долбоор иштелип чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу стадиясында турат.

Мекеменин Айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Ормонбек уулу Президенттин иш башкармалыгы демилгелеп жаткан жаңы тартип боюнча азырынча толук маалымат бере албастыгын билдирди:

Нургазы Ормонбек уулу
Нургазы Ормонбек уулу

"Азырынча толук маалымат боюнча так жооп айта албайбыз. Жумуш тобу түзүлгөн жатат. Топтун курамына ар кайсы ведомстволор кирет. Алардын ишинин соңунан кийин гана так жооп айта алабыз".

Аталган мекеме тараткан маалыматка ылайык, жаңы система боюнча окутуу 11-класстан тартып жүргүзүлөт. 14 айлык окутууда жол эрежелеринен тышкары айдоо маданияты, жоопкерчилик жана тартип боюнча билим да камтылат. Жарандардын ыңгайына жараша онлайн окутуу мүмкүнчүлүгү да каралат.

"Экинчи жагынан, реформа жеке авто мектептердеги коррупцияны жоюуга багытталган. Бүгүнкү күндө айрым жеке авто мектептер акча алуу аркылуу күбөлүк берип, окутууну формалдуулукка айлантып алышкан. Натыйжада жол кырсыктарынын жана жабыркагандардын саны көбөйүп келет. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин айтымында, мындай автомектептер системадан чыгарылып, алардын ордуна жаңы мамлекеттик автомектептер түзүлөт", - деп жазылган "Унаа" мамлекеттик мекемесинин билдирүүсүндө.

"Кесипке 4-5 жыл окуйбуз, айдоочулук да ошондой эле болушу керек"

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 5-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, эки күн мурда айткан сөздөрүнө түшүндүрмө берди жана унааларды каттоодогу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү реформалар жөнүндө маалымат берди.

Туманбаев 3-ноябрда Президенттин иш башкармалыгынын жыйынында 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер жабыларын, жалаң мамлекеттик автомектептер каларын айткан. Ал мамлекеттик автомектептерде окуу 14 ай жүрөрүн тактаган.

5-ноябрдагы сөзүндө ал мунун баары реформанын алкагында ишке ашарын айтты.

Каныбек Туманбаев
Каныбек Туманбаев

“Акыркы учурларда аябай көп кырсык катталып жатат. Менчик автомектептерде окуганда анын окуган документин акча менен сатып алып, эч кандай билим албай, эки саат практикадан өтүп, анан айдоочулук күбөлүктү алып алгандар көп болуп жатат. Ошондуктан жол кырсыктары көбөйүүдө. Мүмкүн жаман көрүшүңүздөр мүмкүн, бирок бир-эки жылдан кийин баары калыбына келет. Жеке менчик автомектептерде ажиотаж болуп, "жабылгыча окуп алалы" деп шашып жатышат экен деген маалымат чыкты. Ал жерде шашкалактап окуганыңар менен баары бир “Унаа” мамлекеттик ишканасына келип экзамен тапшырасыңар, андан өтпөй калышыңар мүмкүн. Мисалы, ар кайсы кесиптерди деле 4-5 жыл университетте окуп алабыз, айдоочулук да ошондой эле болушу керек. Мындан ары шалаакылыкка жана коррупциялык схемага жол бербейбиз”, – деди Каныбек Туманбаев.

Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов андан кийин сөз алып, Кыргызстан жол кырсыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде алдыга чыкканын айтты.

Ал өлкөдө 2024-жылы 7 миң 423 жол кырсыгы катталып, 514 адам каза болгонун, 636 адам жаракат алганын билдирди. Салимжанов ошондой эле 2025-жылдын тогуз айдында 9 миң 78 жол кырсыгы катталганын, 636 адам көз жумганын, миңге жакын адам жаракат алганын тактады.

Бообек Салимжанов пландалып жаткан реформалар ушул кырсыктарды алдын алууга багытталганын кеп кылды:

“Биз окуу системасын башынан баштап толук өзгөртөлү деген чечимге келдик. Себеби азыр күбөлүк алган адам болгону 2,5 ай окуйт экен, анда 10-12 гана сабак болот экен. Окуп жаткан адам машинеге отуруп, алдыга-артка айдаганды гана үйрөнөт экен. Болду. Биз болсо башкача программа киргизели деп жатабыз. Негизгиси машине жөнүндө жалпы түшүк алсын деп жатабыз. Алдыңкы дөңгөлөгү тарткан машине кандай, арткысы тартканы кандай, кыймылдаткычтар, аркы-беркилер жөнүндө окушат. Кээде ал тургай жөн эле дөңгөлөгү жарылып калса эмне кылышты билбеген айдоочулар бар экен. Биз эмне үчүн окуу мөөнөтүн 1 жыл 2 айга же 1 жыл 4 айга узарталы деп жатабыз? Себеби бул аралыкта окугандар автоунаа жөнүндө, айдоо жөнүндө, жол эрежелери жөнүндө бардык маалыматтарды алып чыгат”.

Маалымат жыйында Кыргызстанда учурда жалпы 345 автомектепте лицензия бар экени айтылды. Интернеттен келген суроолордун ичинде алардын тагдыры эмне болору суралды.

"Жеке менчик автомектептер буга чейин кандай иштеп келген болсо, мурдагыдай эле иштей берет, болгону мамлекетке өткөрүлөт. Ал жерде иштеген кызматкерлер ишсиз калбайт", – деп жооп берди президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.

Туманбаев айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө да өз сөзүнө түшүндүрмө берип, мурда берилген мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр 2026-жылы 1-январдан баштап алмаштырыла турганын, жаңылаган жарандар документти экзаменсиз жана акысыз ала турганын тактады. 10 жылдык мөөнөт менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү бүткөн соң алмаштырууга болот.

"Автомектепти эмес, күбөлүк берген органды реформалоо зарыл"

Талдоочулар өкмөт менчик мектептер менен алышкандын ордуна айдоочулук күбөлүктү берип жаткан органдын ишин дыкат текшериши керек деп эсептешет.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек - айдоочулук күбөлүктү бүгүн мамлекеттик орган берүүдө. Айдоочу күбөлүк алууга татыктуубу же татыктуу эмеспи, баалаган мамлекеттик орган. Балким ошол мамлекеттик органга реформа зарылдыр. Себеби, айдоочу айдаганды билбесе, квалификациясы жооп бербесе, күбөлүктү бербей койгонго толук укуктуу. Бул жерде жеке мектептин эч кандай жоопкерчилиги жок да", - дейт талдоочу Руслан Акматбек.

Расмий маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы 10 айдын ичинде 568 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынак тапшырган. Алардын ичинен 83 миңи гана өтүп, 319 миңи кулап калган. Ал эми практикалык сынакка 210 миң жаран катталып, 96 миңге жетпегени өтүп, калган 115 миңден ашууну тапшыра албай калган. Өкмөт жеке менчик авто мектептерди жоюп салса жаңы жылдан тартып жүз миңдеген жаранды окутуу үчүн материалдык, техникалык базасы даярбы, инструктор, мугалим, унаа жетиштүүбү деген суроолор ачык бойдон калууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлүп, бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин түрдө өсүп кеткендигине байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, мындай чечим министрликтин 4-ноябрдагы коллегиялык отурумунда кабыл алынды.

Жыйында мындан сырткары ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Алмаз Осмонбеков иштен бошотулуп, мекеменин Ички аудит кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Ички иштер министринин кеңешчиси Улан Бийбосунов кызматынан бошотулуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчылыгына дайындалды.

Маалыматта министрликтин жетекчилигинин бул чечимдери башкармалыктардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү үчүн жетектөөчү курамды ротациялоо максатында жүргүзүлгөнү айтылат.

Айдоочулукка окутуу мөөнөтүн узартуу сунушталууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00
  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG