Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:51

Суунун эсебин жакшыртууга 2,7 млн доллар бөлүнөт


Кыргызстанда Швейцариянын каржылык жардамы менен сууну сарамжал колдонууга, анын эсебин натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 3-ноябрда Бишкекте Швейцария менен Кыргызстан өкмөтү ортосунда “Кыргыз Республикасында сууну пайдаланууга уруксат берүү системасы” долбоорун ишке ашыруу тууралуу макулдашууга кол коюлду."Швейцария өкмөтү Кыргызстанда жакында кабыл алынган Суу кодексине ылайык өлкөнүн суу ресурстарын туруктуу жана үнөмдүү пайдаланууга көмөктөшүүгө багытталган долбоорду колдоого 2,2 миллион швейцар франкын (2,7 миллион АКШ долларынан ашык) бөлөт. Аталган долбоор уруксат берүү системасын суу ресурстарын башкарууда жөнгө салуунун негизги аспабы катары аныктайт. Швейцария Кыргызстандын Министрлер кабинетине сууну пайдаланууга уруксат берүү системасын киргизүү жолу менен нормативдик базаны бекемдөөгө колдоо көрсөтүп келатат. Натыйжада суу башкаруу органдары милдеттүү стандарттарды жана ченемдерди белгилеп, бул талаптарды суу пайдалануучулар сакташын камсыздай алышат", - деп билдирди элчилик.

Демилгечилердин айтымында, бул система суунун эсебин натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоор алдыдагы үч жыл аралыгында ишке ашырылат.

Эки тараптуу документке Кыргызстандан Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев жана Швейцария тараптан бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин жетекчи орун басары Андрес Мюллер кол коюшту.

Абдыбай Жайлообаев жана Андрес Мюллер кол коюу иш-чарасында
Абдыбай Жайлообаев жана Андрес Мюллер кол коюу иш-чарасында

Кыргызстандын Суу ресурстары кызматынын маалыматына караганда, республикада суу пайдалануунун 90% кɵлɵмү жер сугарууга, 6% ɵнɵр жайга, 3% кɵлɵмү калкты суу менен камсыз кылууга кетет. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG