Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

"Жайкы дөңгөлөктү алмаштыр". Кышка даярдыкты сынаган кар


5-ноябрга караган түнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар жаап, жолдогу унаа каттамын жайлатып, тыгын пайда болду. Төө-Ашуу ашуусунда жайкы дөңгөлөк менен жолго чыккан унаалар жолду жаап калганы боюнча тасмалар интернетке тарады.

Күндүн суукташы менен электр энергиясына байланыштуу чектөөнүн тегерегинде маселе курчуду. Аймактагы тургундар жарыкты чектөө улана берсе кышта түйшүк артат деп кабатыр.

5-ноябрга караган түнү Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашууда унаалардын узун кезеги пайда болду. Жайкы дөңгөлөк менен жолго чыккан унаалар кар калың жааган ашууда жылбай туруп калган.

Мындан тышкары Бишкек-Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда да кез-кезде транспорт жылбай, тыгын пайда болууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 5-ноябрдан тартып Өтмөк ашуусунда жана “Сосновка”, “Чычкан” өткөрмө жайларында оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргенин билдирди.

“Бул чара жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында көрүлүүдө. Учурда тиешелүү кызматтар жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

5-ноябрга караган түнү Бишкекте да кар жаап, унаалардын кыймылы жайлап, тыгын пайда болду. Айрым унаалар тайгаланып, жолдон чыгып кеткен учурлар да болду. Кээ бир калаа тургундары жолдогу кардын тазаланбай жатканына нааразылыгын билдиришти.

Баш калаанын мэриясы атайын техника жолдогу карды сүрүп тазалап жатканын маалымдады. Аймактарда да кар жааган жерлерде жолду тазалоо жана кум, туз себүү иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ), Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жер-жерлерде айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырып жатат.

Күндүн суукташы менен электр энергиясынын кубаттуулугунун чектелиши боюнча талкуу кайра жанданды. Энергетика министрлиги ноябрдан тартып авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында "акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлүп, чектөө киргизилгенин билдирген. Мекеме бул чектөө үйдөгү күнүмдүк тиричиликке керектүү буюмдарды иштетүүгө жетиштүү экенин айткан.

“Азыркы учурда бул эсептегич 2,5 киловатт/саат менен иштеп жатат. Буга эмнелер кирет? Сырткы жана ички жарыктандырууну алганда жалпы 20 лампа, аристон, муздаткыч жана телевизор иштеп турат. Азыр абоненттин дагы кошумча 500 ваттык резерви да турат. Болгону бир учурда суу жылыткыч, муздаткыч, электр плитасы, лампочкалар, телевизордон тышкары кир жуугуч машинаны кошо турган болсоңуз, эсептегич автоматтык түрдө өчөт. Тамак жасаган электр мешин өчүргөн учурда кир жуугуч машинаны иштетсеңиз жарык өчпөйт”, - деген “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын директорунун орун басары Уларбек Дүйшө уулу.

Ал акылдуу эсептегич өчүп калган учурда кайра иштеткенде эч кандай акы алынбай турганын, бул тууралуу коомчулукта туура эмес маалымат тарап жатканын кошумчалады.

Анткен менен айрым тургундар кубаттуулукка чек киргенден кийин ыңгайсыздык жаралганын айтып, кышында эмне кылабыз деп кабатыр. Баткен шаарынын тургуну Талантбек 3 киловаттык чек айрыкча чоң үй-бүлөлөр үчүн түйшүк болуп жатканын айтты:

“Мисалы, мен душка түшүү үчүн аристон иштейт, ал бөлмө суук болгону үчүн жылыткыч кошобуз жана суу тартып берген насосту улайбыз. Бирок үчөөнү бир убакта иштетсең свет өчөт. Ал үчүн жылыткычты өчүрөсүң. Үйдө апам менен чогуу жашайбыз. Эки бөлмөгө бир убакта жылыткыч иштете албай калдык. Бул чоң үй-бүлөлөргө ыңгайсыздык кылып атат. Эки башка бөлмөдө жашасаң эле маселе болот экен”.

Өкмөт электр энергиясынын тартыштыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда чектөөгө кабылып калбаш үчүн "чексиз тарифке" өтүү сунушун бергени коомчулуктун сынына кабылды. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын өкүлү Исабек Орозбаев мындай тариф электр энергиясын чексиз колдонууга жол берерин, сөз болуп жаткан чектөөлөр ага иштебей турганын билдирген.

Талкууга түшкөн бул маселеге президент Садыр Жапаров да каршы пикирин билдирип, энергетика министрине мындай тарифти жокко чыгарууну тапшырган. Жапаров бул эл арасында социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгилеп, министрге калкты бирдей электр энергиясы менен камсыз кылуу тапшырмасын берген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-ноябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү болушу мүмкүн экенин эскертти. Жолдо муз тоңуп, тайгак болорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектигин белгилеп, жарандарды зарылдык болбосо алыс жолго чыкпай турууга чакырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG